• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды

4 Жетинин айы 2022 9:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте блогер Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, кыздын боюнда бар жана боюнан түшүп калуу коркунучу болуп 3-ооруканага алып барышты, ал жактан дарыгердин коркунуч бар дегенине карабастан, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кошумчалай кетсек, Азиза Абдирасулованын айтымында, оператор Калыс Аширбеков Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында сурак берип жатат. Журналист эмне үчүн кармалганы белгисиз.

ИИМ бул тууралуу расмий маалымат азырынча бере элек.

Количество просмотров: 844