Белгилүү журналист Сталбек Абдыраев 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Абдыраев Сталбек Нурмамбетович 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.
Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.
2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.
«Govori.TV» агенттиги Сталбек Абдыраевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.