• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Журналист Юлия Орлова көз жумду

24 Бештин айы 2019 11:04 Бишкек Govori.TV

Узакка созулган оорудан журналист Юлия Орлова көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал 17 жылдан бери РИА Новости агенттигинин кабарчысы болуп эмгектенип келген. Быйыл 52 жашка чыккан журналист бир нече жолу өз өмүрүн тобокелчиликке салып, өзгөчө кырдаал жаралган жерлерде иштеген.

«Ал РИА Новости агенттигинде иштеген 17 жыл ичинде өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, өлкөнүн коомдук-саясий турмушун ийгиликтүү чагылдырган. Ал жазган жаңылыктарга көптөгөн дүйнөлүк ЖМКлар шилтеме беришчү», — деп айтылат макалада.
Бул жылдары журналист Кыргызстандын президентинин аппаратынын жана министрликтеринин Ардак грамоталары, сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой эле РИА Новости агенттигинин 70 жылдык майрамына карата Ардак грамотасына татыган.

«Россия сегодня» жана Sputnik Кыргызстан агенттиктеринин жамааты Орлованын жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 172