• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Журналист Жамал Хашоггинин балдары атасын өлтүргөндөрдү кечиришти

22 Бугу 2020 17:20 Бишкек Govori.TV

2018-жылы Түркияда өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жамал Хашоггинин балдары атасынын өлүмүнө айыпталып жаткандарды кечиришти. Бул тууралуу үй-бүлөнүн атынан журналисттин уулу Салах «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Ыйык Рамазан айынын Кадыр түнүндө Жамал Хашоггинин балдары атасын өлтүргөндөрдү кечирди», — деп жазылган билдирүүдө.

«The Washington Post» гезити менен иштешкен Жамал Хашогги 2018-жылы октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгүнүн калдыктары эмгиче табыла элек.

Журналист Эр-Рияддын саясатын, анын ичинде өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды сындап келген. Анын өлүмүнө шектелип жаткандардын арасында Сауд Арабия ханзаадасынын мурдагы кеңешчиси да бар.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму былтыр октябрда Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча иштин жабык өтүшүн эл аралык стандарттарга туура келбейт деп атаган. Декабрда бул кылмышка айыпталган беш кишини өлүм жазасына тартуу, үчөөнү камакка алуу өкүмү чыккан.

Марттын аягында Түркия Хашоггинин өлүмү боюнча дагы 20 кишиге айып таккан. Азырынча бул иш боюнча соттук териштирүүлөрдүн датасы белгисиз. Айыпталгандардын көбү өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 56