• Шаршемби 27 Аяк оона 2023
  • Среда 27 Сентябрь 2023

Журналист Жеңишгүл Тоголокова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

26 июля 2022 в 16:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун кызматкери, журналист Тоголокова Жеңишгүл Дакеновна 25-июль күнү 44 жаш курагында дүйнө салды.

Маалыматка ылайык, Жеңишгүл Тоголокова ден соолугуна байланыштуу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Тоголокова 10-майда 1978-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Учурунда бир топ массалык маалымат каражаттарында иштеген. Алар: “Азаттык”, “Заман Кыргызстан”, Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунда ыктыярчы, ж.б телеканал, радиолордо кесиптик кызматын аркалаган.

«Govori.TV» маалымат агенттигинин жалпы жамааты Жеңишгүл Тоголокованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 17722