Бишкек.07.03.2018. Govori.TV.
Депутат Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору менен сүйлөшүп, маршруткага түшөрүн айтып келбей койду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жазып чыкты.
Анда депутат журналистке «сага маршрутка менен жүргөндү үйрөтөм, өзүм да түшөм. Күтүп тур, макулбу» деген. Бирок, депутатка такталган күнү байланышса трубкасын алган эмес деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, бир айга жакын убакыт мурда ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев кесиптештеринин маршрутка менен жүргөнүнөн уялганын айткан. Депутаттын сөзү коомчулукта талкууга алынып соцтармактын колдонуучулары анда баарына өзү унаа сатып берсин деген негативдүү пикирлерин жазып, эмнеден уялары туурасында видео форматында да чыгышкан.