Ишемби күнү Хамас Газа тилкесинде израилдик барымтадагылар Иер Хорн, Саги Декел Чен жана Саша (Александр) Труфановду бошотту, анын ордуна Израил 369 палестиналык туткундарды бошотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлайт.
Түз эфирде үч израилдиктин Хан Юнистеги автомат мылтыктары менен куралданган палестиналык Хамас согушкерлери сахнага алып чыгып, израилдик күчтөрдүн коштоосунда Израилге кайтарылганын көрсөттү. Үчөө тең Израилдин жараны. 46 жаштагы Яир Хорндон тышкары 29 жаштагы Александр Труфановдун орусиялык, ал эми 36 жаштагы Саги Декел-Хендин америкалык да жарандыгы бар. Алар радикал топтун колунда 497 күн кармалып турушту.
Көп өтпөй Израил басып алган Батыш Шериадагы Израилдин Офер түрмөсүнөн бошотулган палестиналык туткундар автобустар менен чыгып кетишти. Биринчи автобус Рамаллага Палестинанын желегин желбиретип, кубаттаган элдин астына келди.
Жалпысынан согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи баскычында хамасчылар 33 кишини бошотушу керек. Ушул убакытка чейин 21 киши кое берилген. Алардын 16сы Израилдин, бешөө Тайланддын жарандары.