Бишкек шаардык сотунда жапырт камалган журналисттердин төртөөнүн бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызына байланыштуу отурум өттү. Бүгүнкү отурумда мамлекеттик айыптоочулар «баштапкы соттук угуудагы токтом даттанууга жатпайт» деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырып, журналисттер камакта калды.
Адвокат Улан Сатыбеков журналисттерге билдиргендей, Ленин райондук сотунда 7-июнда өткөн баштапкы соттук угууда шектүүлөрдүн камак мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан. Жактоочулар буга каршы шаардык сотко арыз беришкен.
Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды.