• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Журналисттер сотко жеткирилди

5 Теке 2024 10:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда жапырт кармалган 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум уланууда.

Учурда соттук отурумга камакта калтырылган төрт журналист жеткирилди.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийин жетөө үй камагына чыккан.

Азыркы тапта “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 146