• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Журналистти сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

20 Тогуздун айы 2023 12:24 Бишкек Govori.TV

Журналист-иликтөөчү, “Арча Медиа” басылмасынын (Next телеканалы) кызматкери, “Соболум бар!!!” долбоорунун автору Сайпидин Султаналиевди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалынын маалыматына ылайык, ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжада кылмышка шектүү катары «Toyota Camry» үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берүүдө.

Эске салсак, 18-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Сайпидин Султаналиев мотоскутер менен Садырбаев көчөсү менен бара жаткан учурда капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында мотоскутердин айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 438