Жарандык активист Самат Алиев менен журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу журналист өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
«Буга чейин жарандык активист Самат Алиев экөөбүз коомчулукка Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду кайрадан сотко бере турганыбызды маалымдаганбыз. Коопсуздук Кеңешине ага байланыштуу жазган арызга тууралуу тиешелүү жооп келе элек. Ал эми сотко тиешелүү документтер топтолуп, жуманын акырында арызыбыз даяр болуп калган. Биз менен иш алып барып жаткан юристке ыраазычылык билдиребиз. Учурда Жеңиш Разаков кызматтан кетип, биз жана сиз сыяктуу жарандардын катарына кошулгандыктан, жаш курагын эске алып, кичүүлүк кылып, кызматтан кол жууган адамга түйшүк жаратпайлы деп чечтик», — деп жазган Мамыркулова.
Эске салсак, мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковго каршы арыз жазылган. Ага себеп, Разаков Баткендеги кырдаалга байланыштуу митингге чыккан жарандарды акчага келгендер деп атоосу болгон.
Бирок, райондук сот арызды кароодон баш тарткан, себеби арыз ээлери атайы соттук алымдарды төлөбөй калышкан.