• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жыйында согушуп кете жаздаган депутаттар бир саат өтпөй элдешип, «селфилдешти» (видео)

26 Бештин айы 201912:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн жалпы жыйында депутаттар арасында Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча токтом долбоорун кароону күн тартибине киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралган. Анда депутат Тазабек Икрамов Экмат Байбакпаевди түртүп жиберген.

Депутат Экмат Байбакбаев бул токтом долбоору алгач Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде талкууланышы керек экенин айтты.

Депутат Тазабек Икрамов: «Жарандар кара түтүн боюнча митингге чыгып жатышса, комитетте каралбаганын айтып жатасыңар. Анда бул токтом долбоорун комитетте бүгүн карагыла», — деген эле.

Бир аздан кийин Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттардын ортосунда талаш-талкуу болгонун жазды.

«Экмат Байбакпаев менен Тазабек Ирамовдун ортосундагы талаш-талкуу бул жөн гана парламенттин ишине мүнөздүү көрүнүш. Эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады же жакалашты деген маалыматтар жаңылыш», — деди Нуракун уулу.

Количество просмотров: 158