• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Жыйынга чакырылган Иманкадыр Рысалиев жана анын уулу Эрназар барган жок

31 Бугу 201911:12 Бишкек Govori.TV

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны ачык өтүп жатат.

Алгач депутат Гүлшат Асылбаева бул маселеде коммерциялык сырлар бар экенине байланыштуу жыйынды жабык өткөрүүнү сунуштады.

Бирок депутаттар Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Мирлан Жээнчороев талкуу ачык болушун талап кылып, эгер жабык өтсө комиссиянын курамынан чыга турганын билдиришти.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Чакырылган Иманкадыр Рысалиев жана анын уулу Эрназар барган жок.

Количество просмотров: 16