Жыл башынан бери кургак учук жуктуруп, 13 жоокер ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.
Маалыматка караганда, кургак учук жуктурган жоокерлердин тобу ооруканага алгач 21-январда келип түшкөн. 12 жоокер Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасында, 1 жоокер башка аскер бөлүктө кызмат өтөйт.
«Баары кургак учуктун жабык түрүн жуктурушкан. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Ушул жумада бир бейтапты чыгарууну пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.