• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жыл башынан бери жол эрежесин бузуу боюнча 524 миң факты катталды

2 Аяк оона 2021 13:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежесин бузуу боюнча 524 миң факты катталды. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77 пайызга жогору. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жыл өткөн сайын жол эрежесин бузуу фактылары өсүүдө.

“Негизинен айдоочулар жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу жана мас абалында рулга отуруу сыяктуу эрежелерди бузууда. 2021-жылы 8 миң 29 айдоочу мас абалында унаа башкарган”, — дейт ал.

Количество просмотров: 59