• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жылдыз Мусабекова КСДПнын кайсы съездине барат?

14 Жалган куран 2019 15:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

КСДПнын мүчөлөрү кайсы съездге барат?,-деген суроо учурда актуалдуу болуп турган чагы. Анткени “КСДП” 6-апрелде кезексиз съезд өткөрө турганын билдирген. Буга катарлаш эле “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын мүчөлөрү 3-апрелде съезд өткөрө турганын кабарлаган.

Мындан улам “КСДП” мүчөлөрүнүн башы катып турган чагы. Аталган партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты  Жылдыз Мусабекованын азырынча кайсы съездге катышаары белгисиз. Айтымында эки съездге тең чакыруу келе элек. Чакыруу болсо ыңгайына карап көрүп, бирөөсүнө бараарын билдирди.

Количество просмотров: 29