• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жылдыз Сыйдабек кызы: Айылга автомектеп ачып, айымдарды айдоочулук күбөлүк менен камсыз кылдым

30 Чын куран 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген.

Алардын бири Жылдыз Сыйдабек кызы, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынан келген, 41 жашта.

«Кесибим мугалим, 24 жылдан бери ушул кесип менен эмгектенип, балдарга билим берип келем. Ар кайсы жактан каражат таруу менен алектенип, мектепке пластик терезелерди салдырып дагы да бир катар иштерди кылдык. Дагы бир эмгегим катары айдоочулук күбөлүк берүү үчүн ачылган классымды айтат элем. Учурда мектептин бир классын ачып, айымдарды жана мырзаларды айдоочулук күбөлүк менен камсыз кылып жатам. Айылыма салым кошуп, өнүгүүсү үчүн депутаттыкка аттандым жана адамдардын колдоосу менен добуш алып, өттүм. Азыркы негизги максатым айылга медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүн ачуу. Ал эми бул тренингге өзүмдүн лидерлик дараметимди көтөрүү үчүн келип олтурам», — дейт ал.

Количество просмотров: 201