• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жылдызкан Жолдошева: Президент оор күндөрдү көрүп курчуду

16 Жетинин айы 2018 9:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.
Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.
Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошова өлкө башчысы жетекчилик кызматтарда оор учурларды башынан өткөргөнүн белгилеп,  эл ишенимине кирип, президенттик кызматка олтурду деди.
«Урматтуу Сооронбай Шарипович, бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктаймын! 2010-жыл кыргыз эли үчүн оор жыл болду. Апрель, июнь окуясы учурунда сиз Ош облусунун губернатору болуп турдуңуз. Сиз Мелис Мырзакматов менен биргеликте ошондой аппааттуу күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз. Эч сыңбадыңар, канчалык кыйынчылык болбосун эл менен оор жоготууларды көтөрө алды. Ушундай өкүнүчтүү күндөрдү өткөрүп, эл ишенимине кирип, президенттикке олтурдуңуз»,-деди Жолдошева.
Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 33