Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында Чехиянын төрт жаранын кар көчкү басып калып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-февраль күнү болгон. Чехиянын 23 жараны тоого лыжа тебүү үчүн чыгышкан. Алар лыжа менен түшүп келе жаткан учурда кар көчүп басып калган. 19 киши аман калган.
«4 кишинин сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилди»,-деп жазылат маалыматта.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.