• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

25 Бугу 202416:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-май күнү Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусунун сол тарабынан 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде экинчи кызды издөө максатында ӨКМден 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Количество просмотров: 303