• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жыштык сатуудагы жемкордук. УКМКнын эки кызматкери кармалды

18 Бугу 2020 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, алардын экөө тең 16-майда Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эске салсак, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган. Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

Количество просмотров: 83