• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Зилалиев 3 жылга шарттуу соттолду

15 Үчтүн айы 2019 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 3 жылга шарттуу соттоду. Бул тууралуу Govori.TV агенттигине адвокат Чынара Джакупбекова кабарлады.

Шаардык сот мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда кабыл алды.

«Прокурор 2 жыл 6 ай сураган, анткени жаңы Кодекс боюнча санкциясы кыскартылган. Сот болсо Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүнө калтырып, үч жылга шарттуу соттоп, эки жылга сыноо мөөнөтү менен жазасын чектеди»,-деди адвокат.

Зилалиевди 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Буга жактоочулары макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан болчу.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалымат чыккан.


Количество просмотров: 27