• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Зилалиев лицензияларды “пирожкидей” тараткан

30 Үчтүн айы 2019 13:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда эң көп лицензия берилгенин айтты.

Идрис Кадыркулов Зилалиевдин тушунда лицензия алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар отуз жылда берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн белгиледи.

Эске салсак, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголгон.

Количество просмотров: 24