Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
«Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматты аркалап жүргөндө, анын расмий кирешесинен көп болгон мүлккө ээ болгон деген айып тагылууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Учурда иликтөө аяктап, иш Биринчи Май райондук сотунда карала турганы айтылды.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын декабрь айында УКМК Дүйшөнбек Зилалиевден өзүнө жазылган мүлктөрдүн катарына кошулбаган үй, батир жана банктык эсептеги миллиондорду табылган.