• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Зилалиевдин иши. Соттук отурумга күбөлөр келген жок

22 Үчтүн айы 202016:16 Бишкек Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин 22-январга белгиленген соту болбой калды. Буга күбөлөрдүн келбей койгону себеп болду. Кийинки соттук отурум 29-январга пландалды.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 61