• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Зилалиевдин соту башталат

6 Кулжа 2019 8:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон. Декабрь айынан бери Зизалиев камакта отурат. Бүгүн Зилалиевдин соту Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочулары билдиришти.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик кызматта иштеп келген Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

2011-2016-жылдардагы расмий декларациясы туурасында маалымат бергенде, өзүнүн тапкан акчасы 2 миллион 541 миң 527 сомду, ал эми жубайыныкы 408 миң сомду түзгөндүгүн белгилеген.

Анткен менен тиешелүү органдар текшере келгенде Зилалиевдин кайдан тапканы белгисиз, ири суммадагы акчалай активдери, мүлкү чыккан. Алардын баасы расмий кирешеден алда канча ашып кеткен.

УКМК, мындан сырткары, Бишкекте анын туугандарына 2017-жылдын 17-апрелинде катталган эки кеңсе тууралуу билдирди. Алардын баасы 34 миллион жана 19 миллион сом экендиги айтылды.

«Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турганда өзүнүн ишсиз тууганына алтын, акиташ жана башка кендердин лицензиясын каттатып койгону аныкталды», — деп айтылат маалыматта.




Количество просмотров: 22