• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачылат

9 Бирдин айы 2024 10:47 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачат. Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Жаңыл Алыбаева АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, бул Борбор Азиядагы ушундай алгачкы борбор болот жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт.

«Борбор ачылгандан кийин жабыр тарткан аялдар менен кыздар бардык зарыл болгон кызматтарды бир жерден ала алышат. Тактап айтканда, тергөө иш-чараларын жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды, ошондой эле юридикалык жана психологиялык жардам алышат», – деди Алыбаева.

Маалыматка караганда, бул долбоор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2023-жылы өлкөдө 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 32,6% көп.

Количество просмотров: 84