• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Зомбулукту сөз учурунда токтотуу зарыл

28 Жетинин айы 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

Ойдон чыгарылган ысым менен соцтармакта башкаларды сөгүп, мазактап, кастык тилин кайрагандар толтура. Ошол эле кезде интернетте жазган пикири үчүн күч органдарына суракка чакырылгандар да көп: пенсия жашындагылардан тарта жарандык активисттер, журналисттерге чейин. 

Жакында «Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга» аталыштагы колдонмо жарык көрдү. Авторлор: Нурзада Купуева, Гүлзада Станалиева, Мукарам Токтогулова, Алмаз Ысманов жана Элира Турдубаева. Колдонмо кыргыз, англис, орус тилдеринде даярдалган. Аны чыгарууга Prevention Media, КРдагы ПРООН менен Коммуникаторлор ассоциациясы колдоо көрсөткөн.

Авторлор «кастык тилин жеңүүнүн, анын коомго терс таасирин тийгиздирбей турган кылуунун ыкмасы – зомбулуксуз коммуникацияга үйрөтүү» дешет.

Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга

Колдонмонун авторлорунун бири, коммуникация боюнча PHD, медиа эксперт Элира Турдубаева колдонмону даярдоо зарылдыгы, практикалык орду жөнүндө айтып берди:

«Акыркы кезде коомдук транспортто, көчөдө, соцтармактарда оройлук, кастык тили көп колдонулуп жатат. Зомбулук алгач сөз менен башталат. Жашына, жынысына, жашаган жерине карата сындоо, кемсинтүүлөр болуп жатат. Зомбулукту сөз учурунда токтотуу зарыл. Ошондуктан биз кастык тилинен зордук-зомбулуксуз коммуникацияга өтүү ыкмаларын көрсөтүп берели дедик.

Колдонмо бардык окурман үчүн. Чыр-чатактын алдын алууда колдонмодогу критерийлер аркылуу аныктап, эгер кастык мамиле болуп жатса, аны өзгөртүү керек.

Колдонмо алгач 150 баракты түзгөн. Анда кастык тили менен жазылган интернетте тараган билдирүүлөрдү скриншот кылып, анализ кылганбыз. Кастык тилин зомбулуксуз коммуникация өзгөртүп, мисалдарды келтиргенбиз. Бирок, «Тегине, жерлигине ж.б. байланыштуу кастык тили колдонулган мисалдар жарыяланса, УКМК суракка алат» деген жүйө менен донордук уюм колдонмого көп бөлүгүн киргизбеди. Бул илимий изилдөө да. Биз – изилдөөчүлөрбүз, профессорлорбуз. Ар кандай контекстти талдап, эксперттик ой-пикир айтабыз. Колдонмонун толук вариантын чыгарууну да ойлоп жатабыз.

Эмгек элге дагы жеткиликтүү болушу үчүн подкаст, кыска видео-сабактар түрүндө интернетте кеңири жайылтса болот».

Кастык тили ырларда, азил-тамашада, күнүмдүк жашоодо бар

Колдонмонун авторлорунун бири, Prevention Mediaнын жетекчиси, медиа-эксперт Алмаз Ысманов колдонмонун мазмуну жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө баяндады:

«Кантип бирөөнүн абийирине тийбей сын-пикир айтса болот, биз ошону көрсөткүбүз келди. Кастык тили дегенде баары эле интернетке байлап жатат. Бирок, кастык тили ырларда, азил-тамашада, тарыхта, күнүмдүк жашоодо да колдонулуп келет.

«Рабат аракет планында»* кастык тилин аныктоонун 6 критерийин иштеп чыгышкан. Колдонмодо ошого басым кылып көрсөттүк. Эгер кайсы бир кастык тили колдонулган билдирүү көрсө, аны 6 критерий менен талдап, анын канчалык таасирин билсе болот: жумшак, орточо, катаал деңгээлин. Мисалы, мектеп окуучусу айткан кастык сөз менен таанымал адамдын (мис.: депутаттын, өнөр адамынын) айтканынын таасири бөлөк. Атайы жасадыбы, же ойлонбой эле айттыбы, айткан адамдын ниети, аны ишке ашыруу даремети ж.б. аныктаса болот.

Кастык тили жөнүндө айтып жатып, өзүбүз коомго кастык тилин жайылтып албайлы деген кооптонуу болду. Колдонмодогу мисалдарда аты-жөнү, улуту, тарыхый окуяларга байланыштуулары такыр алынып салынды. Көп темалар өтө сезимтал болгон үчүн китепке киргизе албадык. Бирок, колдонмону дагы редакциялап, жакшыртууга болот.

Колдонмо чыккандан кийин IDEA жаштар уюму «мээрим тили» деп постерлерди жана тренингдерди иштеп чыгып, 5-6 хакатон уюштуруп, демилгелерди колдошуптур. Ошолордун ичинде бир өспүрүм Телеграмда «Байкеңден сура» деген кыргызча-орусча чат-бот жасаптыр.  О.э. колдонмонун негизинде Роза Айтматова жетектеген Аялдарды колдоо борбору соцмедиадагы аялзатына болгон кастык тили, зордук-зомбулук боюнча изилдөө жасашты. Акыйкатчы институту менен биргеликте кастык тилинин түрлөрү, мыйзамдар, сунуштамалар менен Телеграмда чат-бот жасашты. Бул жаатта кылына турган жумуш көп».

Макаланын авторунан:

Колдонмодо кастык кепти талдоо, аны зордук-зомбулуксуз коммуникацияга айлантуу ыкмалары, сын-пикир айтуу менен жек көрүүнүн айырмасы так жана түшүнүктүү берилген. Маданий интеллект жөнүндө да айтылган. Бул көндүмдү өздөштүрүү – коомдо жек көрүүнү, зомбулукту азайтып, натыйжалуу баарлашууга, жагымдуу мамилеге себеп болот.

Китепте контент өндүрүүчүлөр жана соцмедиа пайдалануучулары үчүн практикалык сунуштар да берилген. Бул сунуштар оозунда сөзү бар, башкалар менен карым-катнаш кыла алган ар бир адам үчүн деле пайдалуу.

* «Рабат аракеттер планы» — улуттук, расалык же диний жек көрүүчүлүктү пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү документ.

Автор: Гүлзат Газиева.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 108