2023-жылдын 30-мартында болжол менен саат 05:30дар чамасында Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» коомдук фондунун (зоопаркына) алдына арстандын эки баласын таштап кетишкен.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда, — бирөөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Алар тиешелүү жакка өткөрүп берилди, ал жакта толук кандуу реабилитациялоо иштери жүргүзүлөт.
Арстандын балдарын ким таштап кеткендигин аныктоо боюнча укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.