• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Зулпукаров Исмаиловага: Аял кесиптештерден этият болуңуз

1 Чын куран 202018:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, ал эми саламаттыкты сактоо министри кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги каралып жатат. Талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров талапкер Аида Исмаиловага кайрылып, өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзамда өкмөттө иштеген аялдардын квотасы, өкмөттүн курамында сөзсүз аял киши болушу керек деген талаптар бар экенин айтты.

«Бирок ал жерге баргандан кийин аял кесиптештерден этият болуңуз. Буга чейин Таалайкүл Базаркуловна, Лунара Мамытова, Зуура Каденова жана башкаларга аял кесиптештери эле ор казган. Этият болуңуз. Биз эркектер сиздерди дайыма колдоп келебиз», — деди депутат.

Количество просмотров: 161