• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Зулпукаров: Сопоковдун уулу жардамчым болчу, ал арызын жазып кетти

18 Жетинин айы 201915:08 Бишкек Govori.TV

Депутат Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков менен тааныш болгонун жашырбады. Бул тууралуу 18-ноябрда Racurs.kg маалымат агенттиги билдирди.

Зулпукаров экс-консулдун уулу Азамат анын жардамчысы болгонун айтты.

«Атасы менен болгон ызы-чуудан кийин арызын жазып кетип калды. Мурда КСДП фракциясынын катчылыгында иштеген. Мен Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгым бар. Ал белгилүү акын Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Тыгыз байланышта иштегенбиз. Үй-бүлөсүн тааныйм. Сопоковду тааныбайм десем, жигиттик болбой калат го», — деди ал.

Эскерте кетсек, экс-консул Эркинбек Сопоковдун уулу ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы экени ММКларда айтылган эле.

Количество просмотров: 69