• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Зулушев: 386 миллион доллардын артында 30-40 чиновниктин кулагы көрүнүп турат

31 Үчтүн айы 2018 12:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.2018.Govori.TV

Депутат Курманкул Зулушев ТЭЦтеги авария боюнча Башкы прокуратура шалаакылык беренеси менен эмес коррупция беренеси менен кылмыш ишин козгошу керек экендигин билдирди.

«Шалаакылык беренесинен коррупция беренесине өтө албайсыңар. Бир жумадан бери ачык эле билинип калбадыбы коррупция бар экендиги. Бул 386 миллион доллардын аркасында 30-40 чиновниктин кулагы көрүнүп турат»,-деп билдирди Зулушев.

Башкы пркуратура өкүлү учурда шалаакылыкты гана көрүп турушканын, башка кылмышты элементи байкалса башка дагы кылмыш иши козголорун айтты.

Количество просмотров: 16