• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Зулушев: Алымкадыр Бейшеналиев менен жеке пикир келишпестик жок

31 Үчтүн айы 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жеке пикир келишпестик жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-январдагы маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

«Алымкадыр Бейшеналиев бир нече жолу массалык маалымат каражаттарына кайрылды. Бирок, биз аларга жооп берген жокпуз. Адилеттүү болсун деп иштин бардыгын Ички иштер министрлигине өткөрүп бергенбиз. Алар тергөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында алар кылмыштын курамы жок деп табышты»,-деди ал.

Эске салсак, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш иши козголуп, ал 2-июнда камакка алынган. Башкы прокуратура бир кылмыш иши коррупция беренеси, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси боюнча, төрт кылмыш иши кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча экенин билдирген.

Бейшеналиев мындай жагдайдын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жеке пикир келишпестигинен улам жаралганын билдирген. Жагдайга президент кийлигишип, териштирүү комиссиясын түзгөн. Бейшеналиев эки жумадай тергөө абагында жатып, Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген. Кийин аталган кылмыш иштеринин бири токтотулган. Бейшеналиев «Алтын-Балалык» борборуна жетекчилик кызматка дайындалган.

Количество просмотров: 72