• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Зулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Жогорку соттун төрайымы боюнча тергөө уланат

5 Бирдин айы 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Эгерде Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берсе, Калиевага карата тергөө иштери уланат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы басма сөз жыйында билдирди.

«Эгер Тартип комиссиясы уруксат берсе, Гүлбара Калиева боюнча тергөө уланат», — деди Зулушев.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып, Жогорку Сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айткан. Жогорку сот көп узатпай билдирүү таратып, атайын кызматтын айыптоолору негизсиз экенин билдирген.

Количество просмотров: 168