• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Зулушев уу коргошунду өз ыктыяры менен 400 киши ичкенин айтты

21 Чын куран 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев уу коргошунду өз ыктыяры менен 400 киши ичкени тууралуу маалымат бар экенин ЖК жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Министрге кайрылуу менен эле кылмыш ишин козгобой, кесепеттерине жараша баа берүү керек. Бул боюнча биз министрлик менен текшерүү, сурамжылоо ишин баштадык. Мыйзамдуулугуна карата ишти Ички иштер министрлиги карап жатат. Бизге онлайн бир арыз келип түшкөн, аны министрликке жибердик. Биз алган маалыматтар боюнча уу коргошунду 400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур, эч биринен уулануу белгилери катталбаптыр», — деди ал.

Белгилей кетсек, Зулушев депутат Эмил Токтошевдин «Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунга байланыштуу жазылган арыздын негизинде жопкерчиликке тартылабы?» деген суроосуна жооп берген болчу.

Эске салсак, бүгүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экенин кабарлады.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын «Фейсбукка» жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген.

Количество просмотров: 171