• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуацияланды

21 Баш оона 202419:36 Бишкек Govori.TV

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде иш алып барууда.

Куткаруучулар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Балык завод тилкесинин жана Туура-Суу айылынын жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертип, суунун нугун буруу иштерине чыгып кетишкен.

Туура-Суу гидропостунун маалыматы боюнча бийик тоолуу Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөн. Аталган гидропосттун кызматкери көлдүн жырылуусун тактагандыгы аныкталган.

ӨКМ маалымдагандай, саат 19:45ке карата Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылды.

Теги:
Количество просмотров: 2382