• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Зыяндын ордун толтурган. Таалайбек Кудайбердиев үй камагына чыгарылды

28 Бирдин айы 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун директору Таалайбек Кудайбердиев кармалган.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, мамлекеттин кызыкчылыгына 1 млн 97 миң сом зыян келтирилген.

16-февралда Кудайбердиевге карата “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ошол эле күнү соттун чечими менен айыпталуучуга карата үй камагына чыгаруу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген 1 млн 97 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толук толтурулган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 59