Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүү мамлекетке болжол менен 1 120 000 сомдук зыян келтирилген.
Бул факт боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-февралда башкармалыктагы бөлүмдөрдүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иликтөө иштерин ИИМ жүргүзүп жатат.