• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Орусиянын дагы эки шаарында Wildberries кампалары дрон чабуулуна кабылды

22 Теке 202612:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын логистикалык борборлору да бутага алынды.

Маалыматка ылайык, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлордо учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте чабуулдун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар бар экенин маалымдады.

Количество просмотров: 29