• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

1-январга карата аба ырайы

31 Бештин айы 2023 14:47 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 болот. 

Количество просмотров: 435