• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткен: Барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды

1 Бугу 2021 20:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майда саат 20:00гө карата Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек 29-апрель күнү тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

Количество просмотров: 519