Бүгүн, 31-майда Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева №94 мектептин жетекчилиги менен 10-класстын окуучусу Н.Н. менен болгон кырсык боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Вице-мэр ата-энелерге жана балдарга кайрылып, профессионалдык социалдык педагогдор жана психологдор менен өз убагында байланышуу маанилүү экендигин баса белгиледи.
«Мен балдар дүйнөнү чоңдордукунан башкача кабыл алышарын, ата-энелер кээде кыйын учурда аларга жардам берүү кыйынга турарын эсиңиздерге салгым келет. Балким, ата-энелер дагы, балдар дагы профессионалдык социалдык педагогдордун жана психологдордун жардамына муктаж болушу мүмкүн. Балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык консультация берүү үчүн социалдык жана психологиялык кызматтар кадимки режимде иштешет», — деди Мозгачева.
Учурда балдар үчүн күнү-түнү иштөөчү ишеним телефону иштейт — 111. Балдарга жардам берүү борбору: 0 (312) 44-25-10, 0 (312) 54-29 + 34.
Кризистик борборлор:
— «Шанс» — 0 (312) 613-227;
— «Сезим» — 0 (312) 316-466.
Буга чейин борбор калаадагы №94 мектептин окуучусу өз өмүрүн кыйган.