• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

10-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

8 Тогуздун айы 202415:33 Бишкек Govori.TV

10-октябрда саат 9:00 — 00:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Мэриянын маалыматы боюнча, өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:

  • Ала-Арча суусу- темир жол — Жибек -Жолу пр. — Ж. Гвардия бульвары;
  • Ж. Гвардия бульвары — темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
  • Д. Сяопин проспектиси — Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –
  • Москва –Фучик –Казаков көчөлөрү;

Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.

Количество просмотров: 173