• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

11-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

10 Аяк оона 202015:01 Бишкек Govori.TV

11-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…12, күндүз 28…30;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 20…22° болот.

Количество просмотров: 180