• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

 «118» кызматы Кыргызстандын бардык облустарында 7 колл-борбор ачат

9 Кулжа 2022 15:12 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 9-июнунда «Сорос-Кыргызстан» фонду, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) республика боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык жактан кеңейтүү үчүн «118 тынымсыз байланыш» кызматын жалпы суммасы 1,9 млн сомго жаңы жабдуулар менен камсыз кылат. Эми COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн бул кызмат өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.

Комплекстүү жардам «118 тынымсыз байланыш» кызматын зарыл техника (компьютер жабдуулары, монитор, Wi-Fi роутер, смартфон, лицензиясы бар программалык камсыздоо, көп функционаджуу түзүлүштөр) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде тренингдер, мониторинг жана процесстерди колдоону камтыйт. Мындан тышкары, эл аралык донорлор 2022-жылдын аягына чейин 15 оператордун (региондордо 7 оператор жана Бишкек шаарында 8 оператор) эмгек акы фондун колдоого каражат бөлөт. Зарыл болгон учурда кошумча операторлор тартылат.

«Биздин БУУ жана KOICA өнөктөштөрүбүз тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам үчүн биз сунуштоочулар арасында тендер өткөрүп, эң жакшы шарттарды таптык, натыйжада акча олуттуу үнөмдөлдү. Ошентип, биз 6 кошумча жабдууну сатып алдык, бул бизге өлкөнүн бардык 7 областында, ошондой эле Бишкек шаарында иштөөгө мүмкүндүк берет», — дейт «Сорос-Кыргызстан»  фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков.

Буга чейин аталган демилгени ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана «Сорос-Кыргызстан»  фонду «Маалыматтарга негизделген 118 тынымсыз байланыш аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо» долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан, ага ылайык мамлекет «118 тынымсыз байланыш» кызматын кайра түзүү үчүн кайтарымсыз финансылык жана техникалык  жардам алат.

Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонгсу Ли белгилегендей: «KOICA COVID-19 пандемиясынан улам курчуп кеткен теңсиздикти жоюу жана Кыргыз Республикасындагы аярлуу топко колдоо көрсөтүү үчүн өнөктөш уюмдарды колдоону кеңейтти».

«118 тынымсыз байланыш» кызматы толук ишке киргендей кийин элге консультациялык жардам кеңири түрдө жеткиликтүү болот, анын ичинде:

  • Алгачкы медициналык-санитардык уюмдарга «118 тынымсыз байланыш», интернет-байланыш же почта аркылуу келип түшкөн кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
  • Bitrix системасынын маалыматтар базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
  • Бейтаптар сурап жаткан COVID-19 жана башка ооруларга (гипертония оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум боюнча чаралар) байланыштуу маалымат берүү, соматикалык оорулар боюнча алгачкы консультация берүү, белгиленген форма боюнча эпиданамнезди чогултуу, электрондук анкетаны толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш графиги боюнча жумушка тийиштүү маалымат берүү;
  • * Бейтаптын абалына он-лайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана бейтаптын тактикасын чечкен көчмө амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге маалымат берүү: өзүн-өзү изоляциялоо, көчмө амбулатордук кызматты жөнөтүү же кайрылуу себебине жараша адиске кайрылуу;
  • Мобилдик командалардын чыгуусу боюнча кайрылуулардын өз убагында каралышын контролдоону камсыз кылуу ж. б.

Маалымдама: COVID-19 пандемиясы социалдык чөйрөгө да, экономикага да катуу сокку урду. Бирок, саламаттыкты сактоо тутумуна ашыкча күч келгендиктен жана калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай албагандыктан зыян тартты. Бишкек шаарынын мэриясы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Швейцария медициналык билим берүүнү реформалоо долбоору (MERP) өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун өлкөлүк кеңсесинин андан ары колдоосу менен түзүлгөн «118 тынымсыз байланыш кызматы   оорулууларга консультация берүү функциясын аткаруу менен бейтаптарды бөлүштүрүү ишинде алгачкы медициналык жардам тутумуна чоң жардам көрсөттү. Тажрыйба көрсөткөндөй, адамдар медициналык жардам алуу үчүн тийиштүү уюмдарга кайрылышат, бирок көп сандагы бейтаптарга күн сайын жардам көрсөтүү үчүн ресурс жетишсиз.

 «Сорос-Кыргызстан» фонду 2020-жылдын март айынан сентябрь айы аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана Швейцария Элчилигинин MER долбоору менен тыгыз кызматташтыкта «COVID-19га өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 тынымсыз байланыш» уникалдуу улуттук долбоорго 46 000 АКШ доллары суммасында техникалык жана финансылык колдоо көрсөткөн. Бул убакыт аралыгында 8 колл-борбор бардык областык борборлордо жана Бишкек шаарында COVID-19 маселеси  боюнча кайрылган 180000 ашуун жаранга квалификациялык шашылыш  медициналык-консультациялык жардам көрсөткөн.

2021-жылы жаздын аягы жай айларынын башында ПРООНдун финансылык колдоосу менен работа «118 тынымсыз байланыш» кызматынын иши күчөтүлгөн. Өлкө боюнча 8 колл-борбор ишке кирип, 2021-жылдын июль айында 45 оператор, август айында 32 оператор ишке тартылган. Колл-борбордун операторлору теле-консультация берүү, COVID-19 менен ооругандарга жардам берүү, вакцинация маселеси, жугуштуу оорууларды алдын алуу, мобилдик командалар менен байланышуу боюнча окутулган. «118» колл-борбору Бишкек шаарында калкка күнү-түнү кызмат көрсөткөн, ал эми облустук борборлордо жайгашкан колл-борборлор саат 9:00 дөн 20:00 гө чейин кызмат көрсөтүшкөн.

Эки ай ичинде саламаттыкты сактоонун улуттук тутумуна COVID-19 боюнча консультация берүү боюнча көмөктөшүүнүн алкагында 94 299 жарандын кайрылуусу каралган. Бул көрсөткүч 100 000ге жакын жаранга стационарга чейин эле жардам бергендигин ырастайт, анын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына болгон оорчулук жеңилдеген. Алардын ичинен 81 121 жаранга алгачкы консультация берилген. COVID-19 катталган 13 178 учурга үй-бүлөлүк медицина борборлорунан мобилдик командалар жиберилген.

Количество просмотров: 134