• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12 жашар кызды унаасы менен сүзүп кеткен өспүрүм кармалды

19 Бирдин айы 202517:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 12 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды.

Бишкек ЖКККББнын маалыматы боюнча, окуя 16-февраль күнү түш ченде болгон.

«17 жаштагы айдоочу 12 жаштагы кызды Салиева менен Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде «Нива» унаасы менен коюп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Учурда экспертизалар дайындалып, унаа айып короого токтотулган.

Количество просмотров: 148