• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

13-февралга карата аба ырайы

12 Бирдин айы 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

13-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Количество просмотров: 587