• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

№13 округдагы кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады

30 Үчтүн айы 202610:27 Бишкек Govori.TV

 №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинен эркектер – 21, аялдар – 10.

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 1-мартта өтөт.

Количество просмотров: 156