Социалдык тармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылган виртуалдык митинг өтүп жатат. Алар 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарылгандыгына нааразы.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бул иш өкмөттүн көзөмөлүндө экенин билдирди.
