15-cентябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,
Нарын жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот.